Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан 8 тонна гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 824 | 0

Кыргызстандын президентинин жана Өзбекстандын президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргызстьанга кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентраторун жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргыз Өкмөтү Өзбек Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM