Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракматов коронавирустан айыгып, ишке чыкты

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 380 | 0

Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирустан айыгып, ишке чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Суракматов коронавирустун жеңил түрү менен ооругандыктан,  үйүнөн дарыланып, айыгыып чыккан.

Ал эми Республикалык штаб Суракматов бүгүн, 1-июлда саат 16:10до брифинг өткөрөрүн кабарлады.

 

Эске салсак, Суракматов 20-июнда илдетти жуктуруп алган. Ал күнү мэриянын үч кызматкери, башкы бухгалтер, уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинен да COVID-19 аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM