Биз менен байланышыңыз

Индияда TikTok жана WeChat’ка тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 341 | 0

Индия өкмөтү Кытайдын Tik Tok социалдык тармагын, UC Browser браузерин жана WeChat мессенжерин колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Индиянын эгемендигине жана бүтүндүгүнө, коргонуу жөндөмүнө, коопсуздукка жана коомдук тартипке зыян келтирүүчү колдонмолордун» тизмеси түзүлгөнү белгиленди.

Бул тизмеге жалпысынан 59 тиркеме кирет. Көбүнчө Кытайда жасалган колдонмолор мобилдик жана башка түзүмдөр бөгөлгөн.

Тыюу салынган колдонмолордун тизмесинде Kwai, Baidu картасы, Clash of Kings, Mi Community, Club Factory, UC News, Weibo, QQ Music, Mobile Legends сыяктуу да колдонмолор бар.

Copyright © 2017 Maral FM