Биз менен байланышыңыз

Баткен: илдеттин жайылышына жол бербөө үчүн чаралар күчөтүлдү

Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 752 | 0

Бүгүн, 28-июнда Баткен облусунда бул ооруну жуктурган 13 учур аныкталып, буга чейин катталгандардын эң көп учуру болду. Натыйжада, ооруну жалпы жуктурган учурлардын саны 64кө жетти.

Жаңы катталган 13 учурдун 11и Кызыл-Кыя шаарынан, 2 учур Баткен шаарынан. Акыркы учурда оорунун белгилери байкалган соң, ооруканага өздөрү кайрылган жарандардын саны өсүүдө. Оорулуулар жана алар менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда облуста санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге дагы бир катар тапшырмаларды берип, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күнгө карата облуста изоляцияда 17, обсервацияда 138 жаран бар.

Copyright © 2017 Maral FM