Биз менен байланышыңыз

Дагы 43 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 353 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 43 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 19у Бишкек шаарында, калгандары Чүй облусунда – 7, Ош шаарында – 7, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4 мед кызматкер коронавирус жуктуруп алышкан.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер илдеттен айыгып, ооруканадан чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 712 учур катталды, алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 27-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктурган 4513 учур тастыкталды.

Copyright © 2017 Maral FM