Биз менен байланышыңыз

27-июнга карата коронавирус жуктурган 309 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 1302 | 0

2020-жылдын 27-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы учурлардын ичинен 118и Бишкек шаарында аныкталды. Калгандары:
Чүй облусу — 23;
Ош шаары — 94;
Ош облусу — 39;
Нарын облусу — 5;
Жалал-Абад облусу — 19;
Ысык-Көл облусу — 5;
Талас облусу — 3;
Баткен облусу — 3.

Республика боюнча коронавирус жуктурган 4513 учур тастыкталды. Учурда стационарда – 628 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 12си реанимацияда.
Үй карантининде оорунун белгилери жок өтүп жаткандар – 1627. Коронавирус катталгандан бери 2 212 адам оорудан сакайды. Ал эми каза тапкандар 46 кишиге жетти.

Жаңы катталган 309 учурдун ичинен:
Сырттан келгендер – 5 (1,6%)
Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 304 адам (98,3%).

Copyright © 2017 Maral FM