Биз менен байланышыңыз

Жыл сайын ЖРТ тапшырып, 200дөн жогору балл алган мугалим

Блог , Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 8746 | 2

47 жаштагы Чынара Жакыпова жыл сайын Жалпы республикалык тестирлөөнүн сыноо тесттерине катышып, дайыма 200дөн жогору балл алат. Былтыр болсо, ЖРТнын сыноо тесттине эмес, расмий тестирлөөсүнө тапшырып, негизги предметтерден 207 балл, предметтик математикадан 134 балл алган. 25 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келген Чынара Жакыпова Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну. Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинде 15 жылдан бери эмгектенет. Математика мугалими Чынара эжей сабак бергенден сырткары, жыл сайын бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдап келет.

-Балдарды Жалпы республикалык тестке даярдап келет экенсиз? ЖРТнын окуучулар үчүн мааниси канчалык?

— Жалпы республикалык тестирлөө чыккандан бери эле мага жакты. 2002-жылга чейинки окуучулар билими жок болсо деле контракттын негизинде тапшырып, көбүнчө эле билими тайкы байлардын балдары, ошондой эле пара бергендер жакшы жерлерге тапшырып, өтүп келишкен. ЖРТ байлардын эмес, дыйкан, мугалим сыяктуу кадимки көпчүлүктүн балдарына жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

ЖРТ ишке кирген 2002-жылдан баштап, окуучуларды тестке даярдап келем. Башында 1-2 эле окуучуну даярдагам. Жыл сайын көбөйүп отуруп, азыр жалпы класс боюнча эле даярдап калдым. Кошуна мектептен да келип, даярданып жүрүшөт.

Окуучуларды сынакка киргизип коюп, чыкканча күтөм. Тесттен чыккандардын эстеп калганын жазып алып, топтоп, ошолордун жардамы менен балдарды сынакка даярдап жүрөм. Мен даярдап жургөн окуучулардын ЖРТда алган баллдары жылдан-жылга өсүп келет.

ЖРТнын окуучуларга пайдасы тиерине аябай ишенем. Себеби, мен даярдаган окуучулар ЖРТ менен эч кимге салам айтып, тааныш-билиш кылбай эле, өзүнүн эмгегинин натыйжасында, өздөрүнүн билими менен окууга өтүп келишет. Мен тестке даярдоо менен байлардын балдарына эмес, жөнөкөй окуучуларга, калктын төмөнкү катмарындагы окуучуларга жардам бергим келет. Алардын ЖОЖдордогу престиждүү факультеттерге окуп, жетекчилик кызматка болобу, же башка жумуш кылабы, кыскасы, эч кимдин жардамына муктаж болбой эле ийгиликтерге жетишин каалайм.

Былтыр бүтүрүүчүлөр менен кошо тест тапшырып, жакшы упайга ээ болупсуз. ЖРТга жыл сайын тапшырууңуздун максаты эмне?

— Жыл сайын Жалпы республикалык тесттин алдын ала даярдоочу сыноо тесттерине катышып турам. Дайыма жыйынтык 190-200дүн тегерегинде болчу. Былтыр негизги тестке тапшырып, жакшы балл алдым. 1990-жылы орто мектепти бүтүрүп, 1995-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөм. Ошондон бери кыргыз тилди ачып окуган эмесмин. Кыргыз тилден начар болуп калам го деп ойлогом. Бирок жыйынтык жакшы эле болду. Негизги тесттен 207 балл алдым. Кошумча математика предметинен тапшыргам, андан 134 алдым. Мен окуучуларды ЖРТга даярдап жатканда, өзүмдүн да билим деңгээлим ошол даражада кармалып турабы байкап туруу зарыл деп эсептейм.

Негизинен, математикага азыраак упай каралат деп айтылат, себеби баары эле математик боло беришпейт. ЖРТнын жыйынтыгы чыкканда башка сабактардан да жакшы эле экенмин деп калдым. Математиканы билген адамга кыргыз тили кыйынчылык деле жаратпайт экен деген ой келди.

Балдарда кандай сезимдер болот деп кызыгып, окуучулардын абалын сезиш үчүн да кирип чыктым. Чынында, толкунданат экенсиң. Артыңды карабайсың, көзөмөлдөп жүргөндөр жаныңдан өтсө апкаарып дегендей. Мен мугалим болгонум үчүн да бирөөгө жардам бергени кирди окшойт деп аябай күмөн санашты. Ошондуктан да аябай катуу текшерип жатышты. Убакыт канча калды деп отуруп, адашып кеткен учурлар болду. Чыккандан соң, башка нерселерге алаксып, ашыкча ойлорго убакыт коротуп койгонумду байкадым.

Алдын ала сыноо тесттерине окуучулар көбүрөөк кириш керек экен деп ойлоп калдым. Себеби, билим деңгээли жакшы болсо деле, тест учурундагы шартка, атмосферага көнүү зарыл экен.

Ошондой эле, балам менен билим деңгээлимди салыштырып көрүүгө кызыктым. Менин улуу уулум 210 балл алган. Кошумча тесттен 148 балл алды. Ошол балама жетер бекем деп, анын деңгээли менен салыштырып көрөйүн дедим. Балама жеткеним жок. Бирок жыйынтык жакшы болду деп ойлойм. Аныкы, балким, кыргыз тилден алган упайы көбүрөөк болгон болуш керек.

Тесттен соң, талондорду ЖОЖдорго таштап көрдүңүзбү?

— ЖРТнын жыйынтыгы чыккан соң, уулум талондорду КРСУга тапшырып көрдү. Программалоо боюнча бюджеттик орунга биринчи болуп өттүм. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр ушул окуу жайга же ушул факультетке кызыккандыктан атайын ушуларга тапшырып көрдүм.

Сиз ЖРТга тапшырам дегениңизди балдар кандай кабыл алышты?

— Жашым 47де. Былтыр тесттен өтүү үчүн каттоого барганымда, каттап жаткан 7-8 баланын баары “сиз катышасызбы?” деп таң калып сурап жатышты. Каттоодон РАЙОНОдон өттүм. Жашым улуу болгондуктан каттагандардан да эже окууга тапшырат бекен деп сурап жатышты. “Ооба, тапшырабыз” деп койдук. Бирок, азыр балдарым, жумушум бар дегендей, күндүзгү окуу үчүн менде шарт деле жок. Жөн эле тест кандай болот, балдардын сезимдери, анан ушул тесттен алган балл менен окууга өтсө болобу деген кызыгуу менен эле тапшырып көрдүм да. Ал эми өзүмдүн окуучуларым болсо, туура эле кабыл алышты.

Башка мугалимдерге да сунуштайсызбы?

— Сөзсүз тапшырып көрүшү керек. Мен бирөөгө уят болуп калуудан коркпойм. Окуучумдан аз балл алып калам деп санааркабай, өз билимимди текшерип көрдүм.

Тапшыруу үчүн адам өзүнө-өзү ишениш керек. Кыргыз тилден начар болуп калсам, окуучуларымдан төмөн балл алып калам деген коркуу сезими болсо, мен тапшырмак эмесмин. Сынакты мен тапшырган кийин, Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы башка мугалимдерди да өзүн сынап көрүүнү сунуштады. Алдын ала сыноо тесттин баасы капчыкка көп деле чыгым келтирбейт. Мугалимдер да жок дегенде сыноо тесттерине тапшырып көрүшү керек экен. Анткени, биринчиден, өз билимин сынап көрсө, экинчиден, балдардын сезимдерин жакындан билип, тестке даярдаганга жардамы тиет.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурсултан Абдилазизов

    26.06.2020 11:06

    Азаматсыз Чынар эжеке.Биз да убагында сиздин жардамыныз менен ОРТ га даярданып жакшы баллдарды алганбыз.Мындан аркы ишинизге чон чон ийгиликтерди каалайм.Сиз менен сыймыктанабыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM