Биз менен байланышыңыз

Япон өкмөт башчысы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 537 | 0

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүү үчүн жалпы элдик референдум өткөрүүнү пландап жатат. Ал мөөнөтү бүткөнгө чейин ушул максатта добуш берүүнү уюштурууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Абенин мөөнөтү 2021-жылдын сентябрь айында аяктайт.

-Менин Либерал-демократиялык партиянын төрагасы кызматынан кетериме бир жыл жана үч ай калды, мен ошол мезгилде референдум өткөргүм келет, — деди Абэ.

Анын айтымында, 70 жыл мурун иштелип чыккан Баш мыйзам азыркы талаптарга жооп бербейт жана өзгөртүлүшү керек.

Конституциянын 9-беренеси жөнүндө сөз болуп жатат. Ага ылайык, Япония эл аралык талаш-тартыштарда аскер потенциалын жана куралдуу күчтөрүн колдонуудан карманат. Бул берене Токиодо аскер мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга тоскоолдук жаратууда. Абэ бир нече жылдан бери бул жагдайды өзгөртүүгө аракет кылып келген. Ал, атүгүл, 2019-жылы атасынын мүрзөсүндө Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү парламентте талкуулоого убада берген.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн жалпы элдик референдум өткөрүү пландалууда. Референдум өткөрүү үчүн аны парламенттин эки палатасындагы депутаттардын 2/3 бөлүгү жактырышы керек. Абэнин парламенттин төмөнкү палатасында колдоочулары жетиштүү, бирок жогорку палатада аны колдой тургандар дээрлик жокко эсе.

Ошол эле учурда, япон калкынын көпчүлүк бөлүгү 9-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалабайт. Анткени өлкөнүн эл аралык дебаттарга катышуусу Японияны «анти-япон» мамлекеттеринин бутасына айландырышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM