Биз менен байланышыңыз

Чеченстан Бишкектеги чечен абышка жашаган карылар үйүнө 30 миң доллар которду

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 2369 | 0

Маалыматка ылайык, Чеченстандагы Ахмат ажы Кадыров атындагы аймактык коомдук фонду чеченстандык Данга Битаев 10 жыл бою жашаган Кыргызстандагы карылар үйүнө 30 миң доллар которду.


Кыргызстандагы чечен абышканы алып кетүү үчүн Рамзан Кадыров жеке учак жиберди


Белгией кетсек, кечээ, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен Бишкекке атайын учак келип, чеченстандык Данга Битаевди алып кеткен.


Карылар үйүндө жашаган чечен абышка атайын учак менен Грозныйга кетти (видео)


Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова карылар үйүнө кайрымдуулук иштери менен барып, Данга карыянын башынан өткөн окуясын видео кылып жарыялаган. Андан көп өтпөй, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Молдокматовага байланышка чыгып, абышканын Грозныйдагы жакындары табылганын жана аны алып кетүү ниетин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Данга Грозный шаарында туулган. Ал беш жашында Кыргызстанга мажбурлап көчүрүлгөн чечендер менен кошо келген. Учурда 81 жашта. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген Данга 10 жылдан бери карылар үйүндө жашап келген.

Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган чечен абышканы Рамзан Кадыров алып кетмей болду

Copyright © 2017 Maral FM