Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы чечен абышканы алып кетүү үчүн Рамзан Кадыров жеке учак жиберди

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 13253 | 0

Кыргызстандагы карылар үйүндө жашап жаткан 80 жаштагы чечен улутундагы Данга атанын окуясы эсиңиздердеби? Ишмер Ассоль Молдокматованын кайрылуусунан соң, Чечестандын президенти Рамзан Кадыров Данганы Грозныйга алып кетүү үчүн жеке учак жиберди.

Буга чейин, чечен лидеринин байланышка чыкканын, аксакалды алып кетебиз дегенин айткан Ассоль Молдокматова 20 жылдан бери кайрымдуулук кылганы менен, алгач ирет кайсы бир өлкө президентинин өз мекендешинин жеке тагдыры үчүн күйүп, так жана оперативдүү аракет кылганына ыраазы болгонун белгилеген.

Карыялар үйүндө жашаган Данга эртең, 19-июнда атайын учак менен Грозныйга учуп кетет. Аны Ассоль Молдокматова өзү коштоп бармакчы.

Кошумчалай кетсек, Данга Грозный шаарында туулган. Учурда 81 жашта. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген кары киши 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Чеченстанга кетүүнү кыялданган Данганын Кыргызстанда үй-бүлөсү жана жакын туугандары жок, алардын бардыгы Чеченстанда жашайт.


Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган чечен абышканы Рамзан Кадыров алып кетмей болду


Copyright © 2017 Maral FM