Биз менен байланышыңыз

Ассоль Молдокматова Москвада «Жылдын айымы» башкы наамы менен сыйланды

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 556 | 0

КМШ аял-лидерлер ассоциациясы Москвадагы «Олимп» залында лидер аялдарды сыйлоо аземин өткөрдү.

Белгилүү болгондой, аземде Евразия телеакадемиясынын академиги, «Assol» фондунун президенти, коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага «Жылдын айымы» башкы наамы ыйгарылып, атайын статуэтка тапшырылды. Молдокматова көп жылдардан бери аялдардын жана балдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана руханий дүйнөнү байытуу жаатында бир катар иштерди аткарып келет.

«Биз Кыргызстандын жана КМШ аймагындагы аялдардын руханий өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатканы үчүн Ассоль Молдокматовага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деди ассоциациянын президенти Парагат Жураева.

«Пандемия учурунда көптөгөн чиновниктер коркуп, жашырынып жатканда Ассоль жарандардын өмүрүн сактап калууга ченемсиз салым кошту», — деди иш-чараны уюштуруучулардын бири, көрүнүктүү жазуучу Жанна Сабаева.

Иш-чарага Орусия Өкмөтүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, миграция кызматынын, диаспоранын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

Ассоль Молдокматова «Орусия маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алды

Copyright © 2017 Maral FM