Connect with us

Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган чечен абышканы Рамзан Кадыров алып кетмей болду

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 29343 | 0

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жеке тапшырмасы менен Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган, Грозныйлык Данганы өлкөсүнө алып кетмей болду. Мындай кабар менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматова бөлүштү.

Молдокматова айтымында, түбү грозныйлык Данганын окуясына карата реакциясы чечен элинин биримдигин дагы бир жолу далилдеди.

-Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстанда карылар үйүндө жашап жаткан 81 жаштагы грозныйлык Данга чоң ата тууралуу тарткан сюжетимди көрүп, жардамчыларына мени менен байланышууну тапшырыптыр. Алар мага чалып, Данганы алып кетүү ниетин билдиришти. Мындай аракети менен Рамзан Кадыров мени таң калтырды. Мына чыныгы элдин атасы ушундай болуш керек, — дейт Ассоль Молдокматова.

Ассоль Молдокматова 20 жылдан бери кайрымдуулук кылганы менен, алгач ирет кайсы бир өлкө президентинин өз мекендешинин тагдыры үчүн күйүп, так жана оперативдүү аракет кылганына ыраазы болгонун жашырбады.

Кошумчалай кетсек, Данга Грозный шаарында туулган. Учурда 81 жашта. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген чоң ата 10 жылдан бери карылар үйүндө жашайт. Чеченстанга кетүүнү кыялданган Данганын үй-бүлөсү жана жакын туугандары жок.

ДАНГА ИЗ ЧЕЧНИ ЖИВЕТ В КЫРГЫЗСТАНЕ В ДОМЕ ПРЕСТАРЕЛЫХ 10 ЛЕТ. За все годы , которые помогаю домам престарелых и детским домам, ни разу не видела ни переселенцев из Чечни , ни корейцев. Их не бросают. Единственный случай, когда вчера узнала об истории Данга. Ему 81 год, хотя сам он не помнит точный возраст. Родился в городе Грозный. В период массового переселения попал в Кыргызстан. Данга живет в Доме престарелых вот уже 10 лет. Родных и близких нет. Семьей не обзавёлся.Зрение ослабло, пользуется глазными каплями, необходимы капли- КСАЛАЛ И ТИМАЛОЛ АКОС А также мечтает о небольшом холодильнике, чтобы продукты не портились. Ещё Данга рассказал, что любит чистоту и постоянно стирает свою одежду, а стиральная машинка здесь вышла из строя. Мечтает уехать в Чечню. Может исполнится его мечта, когда об этом узнаёт Глава Чечни Рамзан Кадыров или его приближенные?! Если вы решитесь помочь Данге, свяжитесь со Штабом Добра : 0700104867 (WhatsApp только писать)

Опубликовано Assol Moldokmatova Вторник, 9 июня 2020 г.

Браво, Рамзан Ахмадович !!! За 20 лет благотворительности впервые вижу, как Президент страны так остро и оперативно реагирует на страдание своего соотечественника !Реакция на историю Данги , который родом из Грозного доказывает ещё раз сплоченность чеченского народа и восхищает !!!

Опубликовано Assol Moldokmatova Четверг, 11 июня 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM