Биз менен байланышыңыз

Ассоль Молдокматова «Орусия маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алды

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 785 | 0

Орус адабияты академиясынын президиуму Ассоль Молдокматовага «Орусия маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын ыйгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, бул наам Орус адабияты академиясы тарабынан негизделген. Молдокматованын айтымында, ал Евразия телекөрсөтүү академиясынын академиги катары сыйланган. Сыйлык тапшыруу аземи 7-мартта Москва шаарында өттү.

Белгилей кетсек, бул наам мамлекеттик сыйлыктар тутумуна кирбейт. Маданиятка кошкон салымы үчүн расмий мамлекеттик наам «Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деп аталат. Ал Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын сунушу, Орусия Президентинин жарлыгы менен берилет.

Copyright © 2017 Maral FM