Биз менен байланышыңыз

Карылар үйүндө жашаган чечен абышка атайын учак менен Грозныйга кетти (видео)

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 1378 | 0

Кыргызстандагы карылар үйүндө жашап жаткан 80 жаштагы чечен улутундагы карыя Данга бүгүн эртең менен Грозный шаарына учуп кетти. Аны алып кетүүгө Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жеке учак жиберген.

Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова карылар үйүнө кайрымдуулук иштери менен барып, Данга карыянын башынан өткөн окуясын видео кылып жарыялаган. Андан көп өтпөй, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Молдокматовага байланышка чыгып, абышканын Грозныйдагы жакындары табылганын жана аны алып кетүү ниетин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Данга Грозный шаарында туулган. Ал беш жашында Кыргызстанга мажбурлап көчүрүлгөн чечендер менен кошо келген. Учурда 81 жашта. Массалык жер которууда Кыргызстанга келген Данга 10 жылдан бери карылар үйүндө жашап келген.

Copyright © 2017 Maral FM