Биз менен байланышыңыз

Орусия: 18 ыктыярчыга коронавируска каршы вакцина берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 519 | 0

Орусиядагы Н.Н. Бурденко атындагы Башкы аскердик клиникалык ооруканасында 18 ыктыярчыга Covid-19 инфекциясына каршы вакцина берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Коргоо министрлиги Улуттук Эпидемиология жана Микробиология Илимий Борбору менен биргеликте COVID-19 алдын алуу үчүн орусиялык препараттын клиникалык сыноолорун расмий түрдө баштады.

9 киши вакцинанын бир компонентин, дагы тогузу башка компонентин алган. Бардык процесс медициналык мекеменин тажрыйбалуу адистеринин көзөмөлүндө.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ыктыярчыларды сурамжылоонун жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча эч кандай жагымсыз реакциялар же татаалдыктар болгон жок. Эксперименттин катышуучуларынын ден соолугунун абалы боюнча да эч кандай даттануулар жок. Бардык ыктыярчылар медициналык адистердин көзөмөлүндө болушат. Үзгүлтүксүз текшерүүлөр, керектүү үлгүлөр жана анализдер жүргүзүлүп турат.

Вакцинанын коопсуздугу жөнүндө алгачкы маалыматтар алган соң кийинки ыктыярчылар тобу эмделет. Азыр алар медициналык көзөмөлдө.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, препараттын алгачкы үлгүлөрүн ушул жылдын август же сентябрь айларында алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM