Биз менен байланышыңыз

АКШ: COVID-19дан каза болгондордун саны I дүйнөлүк согуштагы жоготуулардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 823 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 7,941 миллион кишиден ашып, 434,7 миңден ашуун адам көз жумган.  Ал эми Жон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына караганда, дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 8,16 миллиондон ашып, 441,6 миң адам көз жумган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер бойдон калууда. Анда вирус 2,137 миллионго чукул адамга жуккан. Экинчи орунда Бразилия (923 миң), үчүнчү Орусия (553,3 миң), Индия төртүнчү (343 миң), Улуу Британия бешинчи (299,6 миңден ашык) турат.

АКШдагы COVID-19 коронавирусунан каза болгондордун саны Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Америка армиясынын жоготууларынан ашып түштү. Расмий маалыматтар боюнча, Биринчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде АКШнын жоготуулары 116 миң 516 адамды түзсө, коронавирустан 116,9 миң адам көз жумган.

Дүйнөлүк аба каттамдары кризиске чейинки деңгээлдин 65%га калыбына келтирилди. Дүйнө жүзү боюнча компаниялар күнүнө учуучу 181 миң рейстин 118 миңин аткарууда.

Финляндия өкмөтү коронавирустук пандемиядан улам 16-мартта киргизилген өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды жокко чыгарды. Өлкөнүн премьер-министри Санна Марин «Өзгөчө кырдаал режимин улантуу мыйзамына негиз жок» экендигин билдирди.

Европа өлкөлөрү, анын ичинде Орусиянын COVID-19 менен күрөшүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча чечими инфекциянын жаңы толкунуна алып келиши мүмкүн экендигин Жаңы Зеландия өкмөтүнүн кеңешчиси профессор Майкл Бейкер РБК менен болгон маегинде билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM