Биз менен байланышыңыз

Бөрүбаев: 192 мектептин курулушу жүрүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2020 | 681 | 0

Жыл башынан бери 397 объектиде курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 192си мектеп, 57иси бала бакча. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу республикалык бюджет кайра каралып, капиталдык салымдарга бөлүнгөн каражаттын көлөмү 500 млн сомго кыскартылды. Муну менен мекеменин 2020-жылга алынган бюджети 1 млн сомду түздү. Анын:

  • 700 млн сому авариялык абалдагы мектеп (32) жана жаңы курулуштарга;
  • 200 млн сому калкты таза суу менен камсыздоо объектилерине (43);
  • 100 млн сому капиталдык ремонттоо объектилерине (3) жумшалат.

Агенттик 2019-жылы 110 объектинин курулушун бүтүрүп, колдонууга берген. Курулуш тармагы өлкөдө ИДПнын 8 пайызын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM