Биз менен байланышыңыз

Японияга келген туристтерге акча берилет деген кабар четке кагылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 673 | 0

«Японияга келген чет элдик туристтерге акча берилет-» деген кабарлар четке кагылды.

Япониянын Туризм министрлиги пандемия учурунда өлкөгө келген туристтердин чыгымдарын жарым-жартылай жабууну пландап жаткандыгын четке какты.

«Япон расмийлери чет элдик туристтердин чыгымынын жарымын жабуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жатышат. Бул жергиликтүү туризмди колдоого багытталган социалдык программа», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин япон басма сөзү жана дүйнөлүк маалымат каражаттары япон өкмөтү туризмди калыбына келтирүү үчүн июлдан баштап туристтерге күнүнө 185 доллардай акча төлөп бере аларын кабарлашкан.

Белгилей кетсек, Японияда жарыяланган өзгөчө кырдаал 25-майда жокко чыгарылган. Учурда Covid-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны күнүнө орто эсеп менен 20-80 кишиге көбөйүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM