Биз менен байланышыңыз

Япония: Коронавирустан улам ар бир жаранга 930$ төлөнө баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 538 | 0

Япон өкмөтү өлкөнүн жарандарына болжол менен 930 доллар өлчөмүндө жөлөкпул төлөп баштады. Бул тууралуу Административдик иштер жана байланыш министри Санае Такаити билдирди.

«Жөлөк пулдарды төлөө өлкөнүн 1388 муниципалитетинде башталды, бул алардын жалпы санынын 79,7 пайызын түзөт», — деди ал.

Япония апрелдин аягында коронавирус пандемиясынан кийин өлкө экономикасын колдоо үчүн быйылкы бюджетке кошумча 237 миллиард доллар бекитти. Бул акча жөлөк пул төлөөгө чегерилет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Япониянын аймагында коронавирус жуктурган адамдардын саны 17,3 миңден ашты. 860тан ашуун адам көз жумду. 14 миңдей жаран айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM