Биз менен байланышыңыз

Бир ай боло элек: Түлөбердиевге арналган эстеликтеги жазуулар түшө баштады

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 798 | 0

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ушул жылдын 7-майында Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата ачылган. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлүп, ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Бирок арадан эки жума өтө электе андагы жазуулар түшүп баштаган. Бул тууралуу блогер Владимир Цай өзүнүн «Фейсбук» баракчасына бүгүн жарыялады.

«Сиздин эрдигиңиз өчпөйт, сиз жөнүндө эскерүүлөрүбүз эки тараптуу «пластикалык» скотчто…«, — деп жазган Цай.

Анын айтымында, эстеликтин астындагы желим тамгалар эки тараптуу желим скотч менен жабыштырылып коюлган экен, мындан улам эмитен эле түшө баштаган.

Буга чейин аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышкан болчу. Паркты курууга шаардык бюджеттен 48 млн сом сарпталган.

Copyright © 2017 Maral FM