Биз менен байланышыңыз

COVID-19: дүйнөдө жакырчылык, оору жана өлүм (сүрөт)

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 1108 | 0

Күн сайын коронавирустан дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар көз жумуп жатат. Жаңы COVID-19 вирусу биринчи жолу 2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Учурда вирус жер планетасына тез жайылып, пневмониянын оор түрлөрүн жаратууда.

Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустун айынан 320 миңден ашуун адам көз жумду. Жалпы оору жуктуруп алгандардын саны дээрлик беш миллионго жетти. АКШ, Бразилия жана бир катар Европа өлкөлөрү өлүм жана инфекциянын саны боюнча алдыңкы орунда турат.

Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында Бразилия коронавирустун саны жана өлүмү боюнча лидер. Аталган өлкөдө вирустун алгачкы учуру февралдын аягында катталган. Бирок ушул убакыт аралыгында өлкө Европа өлкөлөрүнөн озуп, оорунун саны боюнча үчүнчү орунга көтөрүлүп, азыр Орусия жана АКШдан кийинки орунда турат.

Нью-Йорк — АКШдагы вирустун очогу. Ошондой эле, өлүмдүн көпчүлүгү Нью-Йоркто катталган. АКШда 93 миңден ашык америкалыктар вирустан көз жумган. Европа өлкөлөрүнүн ичинен коронавирусту жуктуруунун саны боюнча биринчи орунда Улуу Британия (249 миңден ашуун) турат. Британияда принц Чарльз жана премьер-министр Борис Жонсон коронавирус менен ооруп сакайышты.

Сиздерге коронавирустун дүйнө жүзү боюнча адамдардын жашоосуна кандай таасир тийгизгендигин жана кантип өзгөрткөндүгүн сүрөттөр аркылуу сунуштайбыз.

Сүрөт: Associated Press

Copyright © 2017 Maral FM