Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 2140ка жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 732 | 0

20-майга карата Тажикстанда 204 коронавирус инфекциясынын жаңы учуру  катталды. Бул тууралуу коронавируска байланыштуу бирдиктүү улуттук порталга таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде вирустан каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө инфекция жуктуруп алгандардын жалпы саны 2140ка жетип, алардын ичинен 41 адам көз жумган.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы келген.

Copyright © 2017 Maral FM