Биз менен байланышыңыз

Кытай мунайдын рекорддук көлөмүн сатып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 1069 | 0

Кытай мунайдын төмөн баасынан пайдаланып, «кара алтынды» рекорддук көлөмдө сатып алып жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги танкерлердин кыймылын каттоочу компаниянын маалыматына таянып кабарлады.

Ага ылайык, учурда ар биринде 2 миллион баррелге чейин мунай жүктөлгөн 117 супертанкер Кытайдын портуна бара жатат. Алар май-август айларында жээкке жалпысынан 230 миллион баррель мунай жеткиришет.

Кытай бул мунайдын көпчүлүгүн апрель айында сатып алганы болжолдонууда.

WTI мунайынын баасы тарыхта биринчи жолу мунай өндүрүү көлөмү ашыкча болгондуктан жана мунай сактоочу жайлардын тартыштыгынан улам нөлдөн төмөн түшкөн.

Кытай мунайды геосаясий максаттарда жана баа саясатынын негизинде сатып аларын белгиледи. Бул үчүн апрелдин экинчи жарымында эң сонун шарттар түзүлгөн.

Bloomberg билдиргендей, тарыхта биринчи жолу мунай ташуу ишине ушунча көп танкерлер тартылган.

Адистердин айтымында, Кытайга мунай жеткирүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү өлкө экономикасынын акырындык менен калыбына келип жаткандыгынын белгиси болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM