Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны 300 миңге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 397 | 0

Орусияда коронавирустук инфекцияны жуктургандардын саны 299,9 миң адамды түздү. Бир сутка ичинде жаңы  9263 учур катталды. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 пайда болгондон бери вирустан 2837 адам көз жумду (күнүнө 115 адам). Ошол эле учурда эпидемия башталгандан бери 76,1 миң адам оорудан айыгып чыкты.

Акыркы суткада Москвада 75 адам коронавирустан көз жумган. Борбордо каза болгондордун жалпы саны 1726га жетти. Орусияда вирус жуккан адамдардын дээрлик жарымы борбор калаага туура келет.

Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен байланышкан эң оор учур артта калды. Шаар бийлиги мындан үч-төрт жума мурда ооруканага бейтаптардын көп түшө тургандыгын жана муну шаардын саламаттыкты сактоо тутуму башкара албай кала турган абалга жетери божомолдонгон.

Белгород облусунун Ракитянский районунда коронавирустук инфекцияны жуктурган чач тарач 20дан ашуун адамга вирус жуктурган. Байланышта болгон 23 кишинин анализинен COVID-19 тастыкталган. Бирок оору белгилерсиз өтүп, алар медициналык көзөмөлдө үй карантинине алынган. Чач тарачтын өзү ооруканага жаткырылган.

12-майдан тартып Санкт-Петербургда коронавирустан каза болгон же башка себептер менен өлгөн адамдар менен коштошуу зыйнаттарына тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM