Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук унаалардын качан иштеп баштай турганы айтылды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 477 | 0

25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар жана троллейбустар иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтты. Анын айтымында, аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттендирилет.

Эскерте кетсек, буга чейин 11-майдан тарта коомдук унаалар каттай баштай турганы айтылган. Кийин коомдук унаалар аркылуу вирустун жугуу тобокелчилиги жогору деген негизде убактысын жылдырышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM