Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарында абал абдан оор деп бааланууда

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 1276 | 0

Бүгүнкү күндө Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын саны жүзгө  чамалап калды. Шаарда учурдагы абал абдан оор деп бааланууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага карабастан Нарын шаарынын кире беришине коюлган санитардык-карантиндик постторго Нарын районунун тургундары абдан көп келип, оорунун очогуна өз баштарын кириптер кылышууда.

Нарын облусунда жалгыз гана Ак-Талаа районунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган учур каттала элек болчу. Эми, берилген эскертүүлөрдү укпай, Нарын шаарына келип ооруну жугузуп алгандар, бүгүнкү күндө районго коркунуч жаратууда.

Андыктан, берилген эскертүүлөрдү туура кабыл алып, ооруну оюн көрбөйлү. Сак бололу! Үйдө бололу!» — деп айтылат Нарын шаардык мэриясынын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM