Биз менен байланышыңыз

Казакстанда вирус жуктургандардын саны 6157ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2020 | 1151 | 0

Казакстанда акыркы сутка ичинде 307 жаңы COVID-19 (5,2% га көбөйүү) вирусу аныкталды. Бул тууралуу Vlast.kz. сайты жазды.

Бул аталган өлкөдө эпидемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Катталган көпчүлүк учурлар Алматы жана Шымкент шаарында байкалган.

Коронавирус башталгандан бери жалпысынан өлкөдө 6 157  адамда вирус тастыкталды. Алардын ичинен 2980 адам айыгып, 34 адам көз жумду.

Өткөн сутка ичинде региондордун арасында жуктургандардын саны боюнча Атырау облусу лидер болуп, 35 адамда жаңы учур катталды. (өсүү 6,9%). Аталган облуста вирус жуктургандардын жалпы саны 541ге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM