Биз менен байланышыңыз

Оренбургдагы кыргызстандыктардын качан алынып келинери айтылды

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 861 | 0

Учурда орус-казак чек арасында кайрадан Кыргызстандын 500дөй жараны топтолгон. Аларды өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда. Ушул жылдын май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат.

Жакында эле, ушул жылдын 7-майында Кыргызстандын 541 жараны мекенине келген. Белгилей кетчү нерсе, акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү.

Тилекке каршы, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда.

Айрым жактардын ойлонулбаган жана популисттик аракеттери Кыргызстандын башка мамлекеттер, анын ичинде союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен эки жактуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен иш алып баруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Орусиядагы кыргызстандыктарга учуу билеттерин сатып алуу, коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттик өтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштагандарга ишенбөөгө чакырабыз.

Азыркы учурда коңшулаш мамлекеттер тарабынан коронавирус инфекциясынын тыштан келүүсүн азайтуу боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн, чек аралар убактылуу жабык, өзгөчө абал режими жана жарандардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM