Биз менен байланышыңыз

Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 496 | 0

Кечээ, 14-майда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстандыктар «Condor Airlines» аттуу германиялык авиакомпаниянын чартердик каттамы менен учуп келишти. Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнеринде иштеген 48 Кыргызстандын жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулган.

Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM