Биз менен байланышыңыз

Тажик сайтында COVID-19дан каза болгондорду массалык көмгөн видео жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2020 | 10619 | 0

Тажикстандын «Ахбор» сайты Душанбедеги көрүстөндөрдүн биринде коронавирустан каза болгондорду массалык түрдө жерге берип жатканы тартылган видео жарыялады. Видеодо автор полиэтилен менен капталган мүрзөлөрдү көрсөтүп, мындай мүрзөлөрдүн катары өтө узун экенин айтат. Маалыматка ылайык, алардын бардыгы коронавирустан көз жумган, бирок бийлик бул жөнүндө расмий билдирүү тараткан эмес.

Автор бул видеону Тажикстандын борборундагы Сариосий көрүстөнүндө тарткандыгын ырастайт.

«Ахбор» сайты Тажикстандагы коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун тизмеси https://kvtj.info/сайтында жарыялангандыгын жана анда төрт күндүн ичинде 200дөн ашуун адамдын каза болгондугун көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM