Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жогорку ылдамдыкта жүргөн жана бейбаштык кылган унаалар көбөйдү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 568 | 0

Бишкекте өткөн түндө жогорку ылдамдыкта жүргөн жана бейбаштык кылган унаа кыймылынын өсүшү байкалды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө түнкүсүн жолдо жүрүү эрежелерин сактабаган унаа сүйүүчүлөрү көбөйгөн.

«Өткөн түндө жогорку ылдамдыкта жүргөн жана бейбаштык кылган унаа кыймылынын өсүшү байкалды. Жаш айдоочуларга кайрылам, өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугуна кам көрүңүздөр. Сиздердин себепсиз көчөгө чыкканыңыз оор кесепеттерге, өзгөчө улгайган туугандарыңыз үчүн аянычтуу болушу ыктымал. Үйдө калыӊыздар, карантиндик тартипти сактагыла», — деп чакырды Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов.

Copyright © 2017 Maral FM