Биз менен байланышыңыз

2019-жылы өлкөдө 26,1 тонна алтын казылды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 634 | 1

2019-жылы 26,1 тонна алтын казылып алынды. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 2,9 тоннага көп. Казынага 12,9 млрд сом салык түштү. Ал эми продукцияны өндүрүүнүн көлөмү 19,9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдөн көз карандылыкты азайтуу, мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү иштери жүрдү. Кумтөрдөн башка кендерден 7,4 тонна алтын өндүрүлдү.

2019-жылдын 14-августунда Куру-Тегерек кенинде «Кичи-Чаарат» алтын комбинаты ишке киргизилди. Чаткалдык 490 адам ишке алынды.

2019-жылдын 11-ноябрында Жер- Үй кенинде  жер кыртышынын үстүндөгү тоо-кен иштери башталды. Алтындын запасы 106 тонна. Жергиликтүү 877 адам жумуш менен камсыз болду. Алтын ылгоочу фабрика иштеп баштаганда, кошумча 250 жумуш орду  түзүлөт.

Макмал кенинде жергиликтүү элден 418 адам жумуш орду менен камсыз кылынды.

Copyright © 2017 Maral FM