Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси кызматтан кетти

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 619 | 0

«Кыргызалтын» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди.

Анын маалыматында, эмгек жамааты мындай чечимди кайгыруу менен кабыл алганы, Алимбеков жакшы натыйжа көрсөткөн жетекчи болгону айтылат.

Белгилей кетсек, Алмаз Алимбеков «Кыргызалтын» ачык акционердик коомун 2015-жылдан бери башкарып келген. Аталган кызматка кимдин келери азырынча айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM