Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Улуттук банк жыл башынан бери 7 тонна алтын сатып алды

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 705 | 0

Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин жыйынында алтын сатып алуу боюнча маалымат берди.

“Улуттук банк «Кумтөр» менен эч кандай байланышы жок. Биз Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдө өндүрүлгөн бардык алтындарды сатып алышыбыз керек. Жыл башынан тартып Улуттук банк тарабынан 7 тоннага жакын алтын сатылып алынды, алардын бары сакталып турат жана келечекте резерв катары биздин элге кызмат кылат”, — деди Абдыгулов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 29-сентябрындагы жыйынында Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгуловдун арызы каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM