Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» Лондондун ишеничинен кантип чыгып калды?

Саясат | 20 Сен 2021 | 1277 | 0

Ушул жылдын 17-сентябрынан тарта «Кыргызалтын» ишканасы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылды. Маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» ишканасы товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарган эмес. Ушул күндөн тарта заводдун продукциясы кабыл алынбайт жана аккредитациясы токтотулду. Июнь айында аталган бирикме «Кыргызалтын» ишканасынын жеткирүү маселелери жана алдамчылык ыктымалына байланыштуу жагдайлар иликтенип жатканын билдирген болчу. Тизмеден чыгуу менен эмне өзгөрөт? Кыргызстан үчүн кандай пайда-зыяны бар?  Бул суроолордун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Лондондогу Баалуу металлдар рыногу бирикмеси — өндүрүлгөн алтындардын дүйнөлүк стандарты боюнча лицензия берген компания. Тактап айтканда, товардын сапатына кепилдик берет. Анын негизинде дүйнөлүк компаниялар алтындын тазалыгына ишенип сатып алышат. Эгерде алтындын таза эместиги боюнча күмөндүү жагдай пайда болсо, анда түздөн-түз LBMA компаниясы жооп берет. Ошондуктан аталган компания берип жаткан сертификатына жоопкерчилик менен карайт.

«Кыргызалтын» ишканасы жыл сайын алтын ташыган компанияларга тендер жарыялайт. Акыркы жолку тендерди Американын StoneX Group Inc. корпорациясы утуп алган. Аталган компания жыл башынан бери алтынды сатып алып келген, бирок «Кумтөр» тышкы башкарууга берилгенден кийин кыргыз тарап кол коюлган келишимди аткарбай койгон. Анын негизинде StoneX Group Inc. америкалык корпорациясы «Кыргызалтын» ишканасына каршы 1 млн доллардан ашуун доо арыз менен Лондон сотуна кайрылган.

Ага карата сот чечим кабыл алып, сатып алуучуларга: «Убактылуу лицензиянын күчүн токтотуп жатабыз, эгерде силер алтын сатып ала турган болсоңор, анда тобокелдик менен алсаңар болот, ал үчүн биз жооп бере албайбыз», — деп эскерткен.

Буга чейин Нью-Йорк соту «Центерра Голд» компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп таануу тууралуу берген доо арызын четке кагып, бирок «Кумтөр» тышкы башкарууга берилгенге чейин коюлган бардык жабдуулар артка берилсин, аларга төлөнгөн акчалар кайтарылсын» деген чечим чыгарган. Бул — Кыргызстан үчүн өтө оор. Бүгүнкү күндө сот процесстери жүрүп жатат, анын канчага созулары азырынча белгисиз.

Соттун «Кумтөр» боюнча чечими чыккандан кийин «Кыргызалтындын» Лондондогу Баалуу металлдар рыногу бирикмесинен алган сертификат маселесин кайрадан карасак болот. Мындай пикирин Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда «Кумтөр» кенине ким ээлик кылышы керек? Кыргызстан ушул бойдон ээлеп алып калышы керекпи? Андай болсо канча суммада кенемте төлөө керек? Болбосо, кайрадан «Центерра Голд» компаниясына кайтарып берүү керекпи?» деген суроолор биринчи орунда турат.

«Эгерде Кыргызстан «Кумтөр» кенин  толугу менен иштетүүнү өзүнө алса, анда биз өздөрүнүн жол-жобо, шарттары менен кайра кайрылып, «Мына биз ишенимдүү жеткирип турабыз, сапатына жооп беребиз» деген милдеттеме менен жаңы сертификат алып, анын негизинде иштесек болот. Эгерде тилекке каршы, бул кен кайрадан «Центеррага» өтө турган болсо, анда алар өздөрүнүн жол-жоболору менен LBMAнын сертификатынын күчүн кайра калыбына келтирип иш алып барат. Азырынча ушундай эле жол бар, башка жол жок». 

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаруу чечими боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, бирикменин чечими күтүлгөн иш болчу.

«Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Алар тараптан башка тоскоолдуктар жана «кыйынчылыктар» болушу мүмкүн экенин айта алам, бул да алдын ала божомолдонууда, биз муну да эске алабыз».

Жапаровдун айтымында, бул санкциялардын аркасы менен өлкөбүзгө алтын резервдерин түзүүгө, зергерлик тармагын өнүктүрүүгө болот.

Дүйнөлүк практикада алтын менен күмүштүн 70 пайызын зергерлер колдоно турганын Кыргызстандын зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов айтат.

Анын пикиринде, азыр Кыргызстанда зер тармагын өнүктүрүүгө убакыт келди.

«Ошондуктан биздин бийлик ойлонуп, Кыргызстанда зер тармагындагы бардык мыйзамдарды карап чыгып, кадимкидей металлды эркин сатып алуу жана сатуу боюнча нормативдик актыларды өзгөртсө, анан Кыргызстанда зергерлик өнүгө баштайт. Болгону сертификатына байланыштуу маселе болушу мүмкүн, бирок ал жок деле башка өлкөлөргө сатканга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күнгө чейин зергерликке эч кандай шарт түзүлгөн жок, болгону эки концепция кабыл алынып, бирок максатына жеткен жок. Кыргызстанда казылып алынган алтын-күмүштүн бир граммын да зергерлердин сатып алуусуна мүмкүнчүлүк болгон эмес».

Белгилей кетсек, Лондондогу Баалуу металлдар рыногу бирикмеси «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаргандан кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай турганы айтылууда. Лондон ассоциациясы буга чейин «Кыргызалтын» ишканасын «жеткирүү маселелерине жана алдамчылыкка» байланыштуу изилдеп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM