Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» кесиптик кошуундары биригет

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 724 | 0

«Кумтөр» кенинин беш кесиптик кошууну (профсоюз) биригет. Бул тууралуу өткөн жумада «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилери менен беш кесиптик кошуундун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, кесиптик кошуундар эмгек жамаатына жакынкы арада беш кошуунду бир кошуунга бириктирүү боюнча чогулуш өткөрүшмөкчү.

Компаниянын айтымында, бул кызматкерлерге бирдей шарттарды түзүп берет, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын көздөгөн маселелер боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM