Connect with us

Швейцарияда 3 килограмм алтынын поездге унутуп кеткен киши изделүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 1118 | 0

Швейцарияда поезддин вагонунда 3 килограм алтын салынган баштыгын унутуп кеткен адам изделүүдө. Алтындын баасы 152 миң фунт стерлингге бааланган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Бул окуя өткөн жылдын октябрь айында катталган эле. Белгисиз адам кымбат баалуу металл салынган баштыгын Санкт-Гален жан Люцен кантондорун бириктирген темир жол участкасында калтырып койгон.

Ички териштирүүдөн майнап чыкпагандан кийин өз кезегинде алтындын ээсине издөө салынгандыгы жарыяланган.

Бийлик алтынга тигил же бул кишинин укугу бар экенин кантип текшере тургандыгын билдире элек. Бирок унутчаак жүргүнчү алтынын эстеп алып кетүү үчүн беш жыл убактысы бар.

Copyright © 2017 Maral FM