Биз менен байланышыңыз

COVID-19дан жабыркагандарга электрондук капчык ишке кирди

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 514 | 0

COVID-19 учурунда жабыркагандарга санариптик ыкма аркылуу көмөк көрсөтүүнү көздөгөн электрондук капчык ишке кирди. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) «Эмгек жана окутуу үчүн акчалай жардам» долбоорунун алкагында Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен уюштурулуп жаткан бул демилге Кыргызстандын шаарларында жашаган жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү максат кылат.

Пилоттук долбоор учурда өлкөнүн 23 шаарында ишке кирген. Жалпысынан 146 миң АКШ доллары 1 460 үй-бүлөнүн окуусуна бөлүнөт. Долбоорго тандап алуу сынагында өтө жакыр жашаган, жалгыз бой эне камсыздаган, көп балалуу, майып балдары бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Бул өңдүү чечимдер коопсуздукту, жыйынтыктуу аракетти, жоопкерчиликти камсыз кылып, жарандарга тандоо мүмкүнчүлүгүн берери, аны менен бирге  каржылык сабатын арттырары айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM