Биз менен байланышыңыз

Швейцария Гүлнара Каримованын эсебинен Өзбекстанга 131 млн доллар кайтарат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 823 | 0

Швейцария Өзбекстан менен шарттуу келишимге кол койду. Ага ылайык, Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктык эсептеринде калган 131 миллион доллары өзбек тарапка кайтарылып берилет. Бул тууралуу Швейцария өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылгандыгын чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Келишимдин алкагында, Ташкент акчаны «элдин жашоо шартын жакшыртууга» пайдаланууга, туруктуу өнүгүүнү колдогон долбоорлорго жумшоого жана мониторинг механизмин түзүүдө ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга милдеттендирилет.

Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш ишинде 650 миллион швейцариялык франктан (715 миллион доллар) ашык мүлк дагы эле тоңдурулуп жатканы маалымдалган. Эгерде бул каражаттар кайтарылып берилсе, анда ошол эле калыбына келтирүү шарттары колдонулат.

Ушул жылдын январь айында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш иштеринин алкагында Швейцариядан 70 көркөм чыгарманы кайтарып берүү сураган.

Каримова Өзбекстанда уурдоо жана пара талап кылуу боюнча соттолгон. 2012-жылы Швейцариянын федералдык прокуратурасы болжол менен 800 миллион швейцариялык франкка бөгөт койгон. 2019-жылы бул сумманын болжол менен 131 миллион доллары конфискацияланган.

Май айында Франция Каримованын 10 миллион долларлык активин Өзбекстанга кайтарып берген. Бул каражаттар Өзбекстандын бюджетине которулган жана жалпы тартипте колдонулат.

Өзбекстан бийлиги Швейцариянын, АКШнын, Франциянын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен биргеликте каражаттарды кайтарып алуу боюнча иштерди улантууда. Кеп Каримованын 1,3 миллиард доллардан ашык өлчөмдөгү активдери жөнүндө болуп жатат.

2017-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон көп өтпөй, анын тун кызы Гүлнара Каримова Өзбекстанда салык төлөөдөн качуу, мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу, опузалоо жана оффшордук компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Биринчи өкүмдөн кийин, Каримова бир нече убакыт үй камагында отурган, бирок 2019-жылдын март айында үй камагынын шарттарын «кара ниеттик менен» бузган деп айыпталып, Ташкенттеги колонияга жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Каримова өзү жана кызы үй камагынын шарттарын бузбаганын билдиришкен. Көп өтпөй ага экинчи кылмыш иши козголгон.

Үчүнчү кылмыш иши боюнча Каримова 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган. Аны менен кошо дагы бир нече адам «опузалап пара талап кылуу», «бюджеттик каражаттарды уурдоо» жана «чет мамлекеттерден келген кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» менен байланышкан кылмыштарды жасаган деп айыпталган.

Copyright © 2017 Maral FM