Биз менен байланышыңыз

Швейцария менен 4,5 млн долларга бааланган грант боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 720 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аталган макулдашуунун максаты болуп баштапкы долбоордун  алкагында каржыланган суу секторундагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу саналат, ошондой эле:

—  суу ресурстарын башкаруу боюнча кайрадан түзүлгөн түзүмдөрдү бекемдөө;

— чарбалар аралык жана ички чарбалык системалардын магистралдык каналдарын иштетүүнү жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.

Макулдашуунун шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 4,490 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берилет.

Белгилеп кетүүчү нерсе, улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 131 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаарында 2002-жылдын 23-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык жана каржылык кызматташтык жана гуманитардык жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM