Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мен берген убадалардын негизгиси — коррупция менен күрөш

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 907 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди. Анда коррупция менен күрөшүү боюнча сөз болду. Президент коррупция менен күрөшүүдөгү аракеттери тууралуу айтты.

— Президент болууга аттанганда мен өтө көп эмес, 5-6 убада бергем. Алардын эң негизгиси — аймактарды өнүктүрүү.  Эмне үчүн дегенде, элетти өнүктүрбөсө, мамлекет өнүкпөйт. Айтып келе жатам, миграция айыл жеринен, алыскы бийик тоолуу райондордон, элет жерлеринен кетип жатат.

Ирригация, таза суу маселеси, мугалим-врачтардын турмушун жакшыртуу, аскер кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу. Арзан турак-жай менен элибизди камсыз кылуу, анан санариптештирүү маселеси.

Буларды ырааттуу аткарып келе жатабыз, өкмөт, парламенттин колдоосу менен, айрыкча элдин колдоосу менен.

Ошол убадалардын негизгиси — коррупция менен күрөш.

Коррупция бул адам болгон жерде болот. Бул бир эле бизде эмес, бардык мамлекеттердин көйгөйү. Бул — өлкөнү артка тарткан, коомду муунткан илдет. Андан толук арылбасак да, кыскартууга милдеттүүбүз. Ошонун үстүндө такай иштеп жатабыз.

Кечээ ошол жыйында да айтылды, буга чейин да айттым. Коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтөбүз. Анын негизги куралы — санариптештирүү. Адам факторун жоюу — эң негизги маселе.

Күрөш тандалма эмес. Ууруну чоң же кичине деп бөлүүгө болбойт. Мен үчүн бардыгы бирдей коррупционер. Мен да билем, сиз да билесиздер, элибиз да билет — негизги коррупциялашкан органдар — бул укук коргоо органдары.

«Карга карганын көзүн чукубайт» деп бекеринен айтылган эмес да. Аны кечээки жыйында да айтып, катуу талаптарды койдум. Укук коргоо органдарын, сот системасын жетектегендер, анда иштегендер таза болсо эле, напсисин тыйса эле, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы болот.

Муну эмнеге айтып жатам? Укук коргоо органдары, сот системасы таза болмоюнча, алар коррупция менен күрөштү абдан жогорку денгээлде жүргүзмөйүнчө, коррупцияны жеңиш, токтотуш кыйын. Анткени көп коррупциялык схемаларда ошол укук коргоо органдары өздөрү башында турат. Мен кечээ Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир укук коргоо органдарынын жетекчилерине айттым ошону. Буга чейин дагы айткам, кечээ дагы айттым, талапты коюп жатабыз.

Элдин, мамлекеттин ырыскысын уурдагандардын орду — түрмөдө.

Ал эми ошол ууруларды колдогон, жаап-жашырган, куткарган укук коргоо, фискалдык органдар, сот системасында иштегендер да эмнеге эркиндикте жүрүш керек. Алар дагы камалыш керек.

Мисалы, темир жолдо чоң ири схема табылды. Жетекчи алмашкан, токтойт деген, бирок кайра эле ошону башташкан. Мына кармалышты ошол схема менен. Бирок, ошого чейин ал жерди салык инспектору текшерген, Эсептөө палата текшерген. Бардыгы кийлигишкен. Прокуратура карап отурат.

Бир схеманы ачсак, ошол схеманы жасагандар камалат. Бирок, ошол схеманы болтурбай коё турган органдар эч кандай чара көрбөй, тескерисинче, калкалап келишкен да.

Эми андай болбойт. Кайсыл бир мамлекеттик органда схеманы ачышса, же мамлекетке зыян келтирген маселе чыкса, ошону текшерген Эсептөө палатасы болобу, Салык инспекция болобу, Финансы полициясы болобу, прокурор болобу, баары тең бирдей жооп берет.

Темир жолдогу коррупциялык схема боюнча салык кызматынан кармалды, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жоопко тартып жатабыз. Ошол процесс кетти. Баарынын жоопкерчилиги бирдей. Уурдагандын дагы, аны жашырган органдар дагы ууруга теңелип, алар да жоопко тартылышы керек.

Кечээ ошону жеткиликтүү айттым. Бул боюнча талап күчөп жатат.

Коррупция менен күрөш бул — эң биринчи кезекте эл үчүн, жөнөкөй жарандын жакшы жашоосу үчүн жасалып жаткан түйшүктүү иш. Бул токтобойт.

Мында эл мени толук колдойт деп ишенем. Колдоп жатышат, буйруса. Элди кыдырганда айтып жатышат. Артка кайтпагыла, күчөткүлө деп. Алардын колдоосун көрүп жатам, сезип жатам. Буйруса, бул токтобойт, мындан ары дагы күчөтөбүз.

Кечээ жаңы коррупция менен күрөштү жүргүзүү, алдын алуу стратегиясын кабыл алдык. Мурунку стратегия 8 жыл иштеди. Анын аткаруу мөөнөтү жок болчу, жалпы кабыл алынган стратегия болчу.

Азыркы стратегиянын айырмасы — бул 2024-жылга чейин, төрт жылга кабыл алынды, анда 82 иш-чара бекитилди. Аларды аткаруунун так мөөнөтү бар. Ошол мөөнөттө аткарганды талап кылабыз.

Бул стратегия башка мамлекеттердин коррупция менен күрөштөгү алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, көрүп, эксперттер иштеп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери иштеп, кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM