Connect with us

Кыргызстан Швейцариядан тышкы карызды реструктуризациялоого жардам берүүсүн өтүндү

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 874 | 0

Кыргызстан Швейцариядан тышкы карызды реструктуризациялоого жардам берүүсүн өтүндү. Бул маселе 25-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Швейцариянын Федералдык Департаментинин Башчысы Игназио Кассинин ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө көтөрүлгөндүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айдарбеков COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөтүлүп жаткан финансылык-техникалык жардамдары үчүн швейцария тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын июлунда Швейцарияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Жакынкы аралыкта онлайн режиминде кыргыз-швейцар саясий консультацияларын өткөрүү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын аянтчаларында соода-экономикалык байланыштарды интенсификациялоо жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.
Шайлоо процесстеринин жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн техникалык колдоолор үчүн Швейцарияга ыраазычылык билдирилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM