Биз менен байланышыңыз

120 жолу дем алуу — 21 доллар: швейцариялыктар абадан акча жасашууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 1543 | 0

Эми каалаган киши Альпы абасынан дем алышы мүмкүн. Швейцариядан кызыктуу стартап: «Swiss Alpine Air» компаниясы интернет аркылуу тоо абасын сата баштады.

Жыл сайын тоодогу таза абадан дем алуу үчүн туристтердин келерин белгилеген компания:

«Тоо байлыктары катары Швейцариянын суусун, шоколадын жана сүт өндүрүмдөрүнөн сырды сатып келебиз. Ошол сыяктуу эле,  эмне үчүн тоонун таза абасын экспорттой албайт экенбиз? Швейцариянын абасы – дүйнө жүзүндөгү эң жакшы аба»,- деп өзүнүн сайтына жазып чыкты .

Сайтта Альпы тоосунун 7 литрге жакын аба толтурулган баллонду сатып алууга болору, бул өлчөм менен 120 жолу дем алууга же 10 мүнөттүк ингаляция кылууга жетерлиги жазылган. Бир баллондун баасы 21 доллар турат.

Учурда швейцариялыктардын бул өндүрүшү үчүн инвестор издеп жаткан кези.

Copyright © 2017 Maral FM