Биз менен байланышыңыз

Депутат К.Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 984 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин баштаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча катталган. Анын негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиев жарандык активист Сыймык Жапыкеевге мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылган. ИИМ мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган. Жапыкеев социалдык тармактарда Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Анын ичинде Жумалиевди да кескин сынга алган.


ИИМ Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүн иликтеп жатат

Copyright © 2017 Maral FM