Биз менен байланышыңыз

ИИМ Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүн иликтеп жатат

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 1003 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Өзүн «мурдагы прокуратура кызматкери» деп атаган жарандык активист Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Жапыкеевге мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.

Депутат Жумалиевдин арызында, Сыймык Жапыкеев анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзам бузуу менен топтолгону тууралуу жалган маалыматтарды таратып, анын байлыгын тартып алууга жасаган чакырыктары менен өзүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.

Арыз 7-майда катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Анын алкагында, Сыймык Жапыкеевдин социалдык түйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары иликтенип, лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жарандык активист, өзүн «мурдагы прокуратура кызматкери» деп атаган Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу бир нече ирет видео кайрылууларды жасаган. Жапыкеев коррупцияга каршы күрөшүүнү көздөп, депутат Жумалиев байлыгын мамлекетти тоноо менен топтогонун айтып келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM