Биз менен байланышыңыз

Нарында 12-майдан баштап борбордук базарга унаа киргизилбейт

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 655 | 0

Эртең, 12-майдан баштап Нарын шаарындагы борбордук базарга унаа киргизилбейт. Мындай тапшырманы, бүгүн, 11-майда, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров борбордук базарды кыдыруу учурунда тиешелүү кызматкерлерге берди.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ал эми товарларды түшүрүүгө саат 9:00гө чейин жана 16:00дөн кийин уруксат берилет.

Эске салсак, Нарын шаарындагы борбордук базар мурунку тартип менен саат 14:00гө чейин гана иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM