Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Бишкекте 90 миңге жакын үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 596 | 0

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарында 90 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, жардам жергиликтүү бюджет, өкмөт, кайрымдуулук фонддорунун жана жарандардын көмөгү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн.

Учурда өкмөттүн жардамы менен 4,3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын даярдап жатабыз. Свердлов районунун Ак-Жар конушундагы 1,8 миң аз камсыз болгон жаранга, ошондой эле Ленин районуна чектеш Сокулук районундагы Ак-Ордо-1,2,3, Селекция, Ак-Тилек конуштарындагы 2,5 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары даярдалып, жакын арада жеткирилет , — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал жардамдарды туура эмес бөлүштүрүү фактысы боюнча айыл өкмөттөрүнө кылмыш иши ачылган учурлар бар экендигин да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM