Биз менен байланышыңыз

Баткен: сел калдыктарын тазалоо жумуштары жүрүүдө

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 377 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда 2-май күнү болгон селдин калдыктарын ӨКМден тартылган куткаруучулар жана техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жеринде жүрөт. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.

Жалпысынан  ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын  башчысы жетектеген ыкчам топ, 20  куткаруучу жана №13 ЖТИден 4 грейдер, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч тартылган.

2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана «Жаңы-Конуш» тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөсүнө, 10 турак үйдүн огороддоруна, “Арча-Бешик” бала бакчасынын жер төлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел суулары кирген.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум-шагылдарга толтурган. Учурда сел калдыктарын тазалоо жумуштары жүрүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM