Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 647 | 0

Бардык зарыл чараларды көрүү калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт. Бул тууралуу видеоконференция режиминде энергетика тармагынын өкүлдөрү менен өткөн жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Өкмөт башчы экономика тармактарын жана калкты 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө токтомго кол койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү уланып жатканына карабастан, 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өз убагында башталышы керек.

«Былтыркы токтом жакшы аткарылды. Адистердин божомолунда быйылкы жылы суу аз болот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күзүндө 15 миллиард 600 миллион метр кубдан ашпайт. Бул импорттук да, жергиликтүү да көмүрдү, ошондой эле мазут жана газды камдап алышыбыз керектигин айтып турат. Электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт жана мурунку деңгээлинде калат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ырастагандай, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ар бир маселе боюнча тыкыр даярдануу зарыл.

Ошондой эле премьер-министр, айрым бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерине эскертүү берди.

«Ошэлектр», бардык параметрлер: жоготуулар, дебитордук карыз, үнөмдөө боюнча көрсөткүчүңөр эң төмөн. Жаңы жетекчилер жылдап киреше алып келбеген эски схема менен иштебей, жаңы идеялар менен келиш керек», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр кийинки кеңешмеге өлкөнүн энергетика тармагынын чыныгы картинасын көрүү үчүн бардык зарыл болгон материалдарды даярдоону тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен экономика тармактарын жана калкты   2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM