Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирус коркунучунан улам мектеп, бала бакчалар убактылуу жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 825 | 0

Тажикстанда жогорку окуу жайларына чейинки: бала бакча, мектеп, орто жана кесиптик билим берүүчү жайларына коронавирустун жайылуу коркунучунан улам мезгилден тыш каникул жарыяланды. Бул тууралуу Азия плюс басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, билим берүү жайларында 27-апрелден 10-майга чейин кезексиз дем алыш жарыяланды.

Коңшу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, мындай чечим COVID-19 илдетинин жайылышын алдын-алуу үчүн түзүлгөн республикалык штабдын жыйынында кабыл алынган.

Ал эми жогорку окуу жайларына бул чечимдин тиешеси жок, алар окуусун кадимкидей эле уланта бермекчи.

Тажиктан коронавирус каттала элек өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошол эле маалда өпкөсү сезгенип, кургак учуктан бир нече кишинин каза тапканы, маркумдар жабык табытта жерге берилип, алардын жакындары карантинге алынып жатканы сыяктуу кабарлар чыгып жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган өлкөлөрдө коронавирус бар же жок экендигин билүү үчүн текшерүү жүргүзүү ниетин билдирген.


Дубайда полиция колдонгон «акылдуу» баш кийимдер коронавирусту аныктайт

Copyright © 2017 Maral FM